География:ШОКАЛЬСКИЙ МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ШОКАЛЬСКИЙ МӨҢГҮСҮ — Борб. Теңиртоодогу Эңилчек кырка тоосунун түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү, Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн бир бутагы. Уз. 7,3 км, аянты 20,4 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5584 м, этеги 3480 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4050 м. Ш. м-нүн системасына 7 мөңгү кирет. Фирн облусу ондогон тармактарга бөлүнгөн татаал цирк. Анын беттери көп жеринде тик аскалуу. Этеги калың шагыл м-н капталган. Т үш. Эңилчек мөңгүсүнүн негизги өзөгүндө Ш. м. ичкерип, 2–3 кмден кийин аяктайт. Аты белгилүү океанограф Ю. М. Шокальскийдин ысымынан коюлган.