География:ШАНЕК (ШАНЫК) АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ШАНЕК (ШАНЫК) АШУУСУ Талас Алатоосунда. Бешташ (Таластын оң куймасы), Шанек (Узунакматтын сол куймасы) сууларынын башынан орун алган. Бийикт. 3532 м. Ашуу соңку ордовиктин гранит, гранит-диорит тектеринен турат. Ашуунун мойногу тар ж-а тик, капталдары терең капчыгайларга түшөт. Ашуу июнь айынан октябрь — ноябрга чейин ачык болуп, мал ашырылат. Талас ж-а Кетментөбө өрөөндөрүн байланыштырат.