География:ЧОҢТУЗ ҮҢКҮРҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЧОҢТУЗ ҮҢКҮРҮ – Кыргыз Алатоосунун түн. капталында неогендин туздуу катмарында пайда болгон карсттык үңкүр. Желдисуу суусунун сол өйүзүндө. Кант р-нун аймагында. Жалпы уз. 400 мдей. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында кайнатма туз казып алынган. Келечекте ооруларды дарылоочу үңкүр катары пайдаланууга болот. Кырг-ндагы ири үңкүрлөрдүн бири.