География:ЧОҢ АКСУУ МӨҢГҮЛӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЧОҢ АКСУУ МӨҢГҮЛӨРҮ Күнгөй Алатоонун түш. капталында. Чоң Аксуу суусунун төрүндө жайгашкан татаал өрөөн тибиндеги ири үч мөңгү. Ч ы г ы ш Ч о ң А к с у у мөңгүсүнүн уз. 4,1 км, аянты 6,3 км2. Башы деңиз деңг. 4600 м, этеги 3360 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4020 м. Абляция облусунун аянты 4,1 км2. Куралуу облусу татаал. О р т о ң к у Ч о ң А к с у у мөңгүсүнүн уз. 3,6 км, аянты 6,2 км2. Башы деңиз деңг. 4720 м, этеги 3320 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4120 м. Абляция облусунун аянты 2,2 км2. Куралуу облусу татаал. Чоң Аксуунун алабындагы эң ири мөңгү – Б а т ы ш Ч о ң А к с у у мөңгүсү. Анын уз. 6,1 км, аянты 8,1 км2 (а. и. 4,1 км2 абляция облусу). Мөңгүнүн башы 4600 м, этеги 3380 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4050 м. Куралуу облусу жөнөкөй циркте жатып, мөңгүдөн омкорулма муздар аркылуу бөлүнөт. Бул 3 мөңгүдөн башталган суулар Чоң Аксууга куят.