География:ЧАТЫРКӨЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЧАТЫРКӨЛ — Ички Теңиртоодогу бийик тоо көлү. Деңиз деңг. 3 520 м бийикте. Аянты 170,6 км2. Уз. 2 3 км, туурасы 11 км, суунун орт. көлөмү 8,5 км3ге жакын. Ч-дүн чанагы плиоцендин орто ченинде жер катмарынын бүктөлүүсүнөн пайда болгон. Тереңд. батышында 18–19 м, чыгышында 8 мге чейин, орт. тереңд. 1 2–13 м. Көлдүн аянты кичирейүүдө. Бирок жээк сызыгынын тартылышы көлдүн бардык тарабында бирдей эмес, мис., Карасуу, Кеңташ, Торугартсай суулары куйган жерлерде булуңдар пайда болгон. Бул процесс жер астындагы тоңдун эрүүсүнө байланыштуу. Көлгө 41 майда суу куят, алардын 21 Торугарт тоосунан (ирилери: Карасуу, уз. 1 7 км; Каратай, 12 км; Кеңташ, 11 км; Жеңичке, 9 км), 20сы Атбашы кырка тоосунан башталат. Түш. тарабында ондогон минералдуу булактар чыгат (к. Чатыркөл минералдуу суусу). Көл түбүндөгү чөкмөнүн хим. составы кальцийдин ж-а магнийдин карбонатынан, чоподон, темирлүү баткактан турат. Туздуулугу 2‰. Суусу тунук, таза; темп-расы жайында 10°С, 0,6 м тереңдикте 4,4°С. Көл октябрда тоңо баштап, апрелдин аягында ачылат. Муздун калыңдыгы 1,25–1,50 м. Көл түбүндө рдест, урут балырлары кездешет. Көлдө өрдөк, каз, аңыр, чулдук, ызгыт ж. б. канаттуулар болот.