География:ЧАПЧЫМА АШУУСУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЧАПЧЫМА АШУУСУ Чаткал кырка тоосунун борб. бөлүгүндө. Бийикт. 2841 м. Касансайга караган бети тигирээк. Талаашалбаа өсүмдүгү басымдуу. Кар калың түшкөн жылдары ашууну күрткү басып, жол катнаш начарлайт. Ашууда жол эксплуатациялоочу участкасы (ДЭУ), түн. бетинде Ангрен метеостанциясы бар. Ашуудан Касансай ж-а Чаткал өрөөндөрүн байланыштыруучу авт. жолу өтөт.