География:ТҮП
ТҮП – Ысыккөлдүн чыгышындагы ири суу. Уз. 120 км, алабынын аянты 1180 км2. Тескей Алатоонун түн. капталынан башталып, кууш капчыгай аркылуу түндүктү карай, Санташ кыш-нан баштап жазыра ак өрөөн м-н батышты карай агып, Түп булуңуна куят. Ири куймалары: Шаты, Көөчү, Талдысуу, Корумду, Табылгыты ж. б. Өрөөндөгү айдоо аянттарды суу м-н камсыз кылуу үчүн жалпы чыгымы 3,80 м3/сек болгон 6 канал курулган. Суусу апрелде кирип, сентябрда тартылат. Апрель, май айында жылдык агымдын 55%ке жакыны куралат. Жылдык орт. чыгымы 10,6 м3/сек, эң көп чыгымы 123 м3/сек, эң азы 1,41 м3/сек. Кар, жамгыр, мөңгү ж-а булактардан куралат. Орт. ылайлуулугу 250 г/м3, шилендилердин 88%ин жаз айларында агызат. Алабында жалпы аянты 2,67 км2 болгон 28 көл бар. Жээгинде Санташ, Сарытологой, Түп, Токтоян ж. б. кыш. жайгашкан.