География:ТУЮКБУЛАК МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ТУЮКБУЛАК МӨҢГҮСҮ — Ички Теңиртоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Какшаал кырка тоосунун түн. капталынан орун алган. Чоң Үзөңгүкууштун оң куймасы Чоңтөөкуйруктун алабында. Уз. 6,3 км, жалпы аянты 13,5 км2, а. и. абляция аймагы 4,3 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5170 м, этеги 4000 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4590 м. Фирн облусу жазы плато сымал көтөрүлгөн бетте жатат. Андан Туюкбулак суусу башталат.