География:ТОСОР АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ТОСОР АШУУСУ Тескей Алатоодо, Тосор ж-а Үчемчек (Кичи Нарындын башы) сууларынын башталышында. Бийикт. 3893 м. Соңку рифейдин гранит-диорит, тоналит интрузия тектеринен турат. Ашуу аркылуу Ысыккөл өрөөнүн Тоңдун сырты м-н байланыштырган авт. жолу өтөт. Мал ашырылат. Кышында аз убакытка ашуудагы жол жабылат.