География:ТОРУГАРТ КЫРКА ТООСУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ТОРУГАРТ КЫРКА ТООСУ Ички Теңиртоодо, Фергана тоо тизмегинин түш.-чыгышында. Уз. 64 км, туурасы 20 км. Чыгышты карай жапыздап, бөксө тоого айланат. Силурдун аягында пайда болгон кумдук, чополуу акиташ теги, сланец ж-а карбондун конгломерат, кумдук, сланец, чопо тектеринен турат. Тоонун кыры дого сымал түштүккө бир аз ийилген. Орт. бийикт. 4500 м, эң бийик жери 5108 м (Музтөр суусунун башы). Тоонун түн. капталы байыркы мөңгүлөрдүн тепши сымал өрөөндөрү м-н тилмеленип, этегинде мореналардын калдыктары жатат. Мөңгүлөрү негизинен Музтөрдүн алабында жайгашкан. Түн. капталында 3600 м бийиктиктен жогору жапыз өскөн субальп ж-а альп өсүмдүктөрү өсөт. Түш. капталы каксоо келет.