География:ТОРУГАРТ АШУУСУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ТОРУГАРТ АШУУСУ Торугарт кырка тоосунун чыгыш жагындагы Котурташ чокусунун (4199 м) түш.-чыгыш этегинде, деңиз деңг. 3752 м бийиктикте жатат. Чатыркөлдүн деңгээлинен 22 мге көтөрүңкү. Белинен карбон мезгилинин кремнийлүү сланец теги ж-а юранын конгломераты, кумдук, ташкөмүр чыгып жатат. Ашуудан башталган авт. жолу Котурташ тоосун айланып өтүп, Нарын ш-на келет. Ашуудан ары жол Кытайга кетет.