География:ТОРАЙГЫР ЖАРЫМ АРАЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ТОРАЙГЫР ЖАРЫМ АРАЛЫ Ысыккөлдүн Балыкчы булуңунун түн . жээгинде. Торайгыр суусунун аллювий-пролювий шилендисинин уландысы. Көлгө 2,6 км кирип жатат. Жээги булуң-буйткалуу. Т орайгыр суусунун чатынан чыгышыраактан баштап аккумуляциялык тегиз жээк башталат. Жарым аралдын тумшук жагында голоценде пайда болгон (туурасы 0,8 км) кашаттар бар. Чыгыш жээгинде таманы ылайлуу; жайында жакшы жылыган бухта м-н бүтөт. Ал жердеги суунун тереңдиги 7 м. Бухта кеме токтоого ыңгайлуу.