География:ТООЛУК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ТООЛУК – Кетментөбө өрөөнүндөгү суу, Нарындын оң куймасы. Уз. 33 км, алабынын аянты 205 км2. Суусамыр кырка тоосунун түш. капталынан башталып, жогорку агымында кууш өрөөн м-н агат. Ири куймалары: Алмасуу, Зындан, Туздусуу (оң), Мазарсуу (сол). Негизинен мөңгү, кар, булак сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 3,6 м3/сек, эң көп чыгымы июнь–июлда (17,3 м3/сек), азы январь – февралда (0,96 м3/сек) байкалат. Апрелде кирип, сентябрда тартылат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Тоолук кыш. жайгашкан.