География:ТЕШИККӨЛ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ТЕШИККӨЛ МӨҢГҮСҮ — Тескей Алатоонун түш. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,2 км, аянты 3,6 км2. Жылусуунун оң куймасы (Кичи Нарындын алабы) Кашкасуунун башында жайгашкан. Башы деңиз деңг. 4360 м, этеги 3920 м бийиктикте жатат. Мөңгүдөн башталган суу Тешиккөлгө куюп, андан Кашкасуу агып чыгат.