География:ТЕШИККӨЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ТЕШИККӨЛ — Т ескей Алатоо м-н Керүүкаракаман тоосунун ортосундагы кайкыдан орун алган тоо көлү. Тоң р-нун аймагында, Кичи Нарындын алабында. Үч бурчтук формасында. Уз. 1,25 км, туурасы 0,55 кмдей, аянты 0,65 км2. Көл чанагы деңиз деңг. 3 505 м бийиктикте жайгашкан. Көлдөн Жылуусуунун оң куймасы Кашкасуу агып чыгат.