География:ТЕРЕКДАВАН АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ТЕРЕКДАВАН АШУУСУ Алай кырка тоосунун чыгышында, Терексуусунун башында. Бийикт. 4135 м. Девондун метаморфизмделген тектеринен турат. Түн. капталы (тескейи) тигирээк, катаал, кар-муздуу, көчкү жүрөт; күнгөйү тайпагыраак, корум, шагыл таштуу. Фергана м-н Кашкарды байланыштырган белгилүү ашуу. Жолунун татаалдыгына карабастан, чукул болгондуктан кербенчилер Т. аркылуу көбүрөөк ашкан. Ферганадан Индияны көздөй жөнөгөн орус саякатчысы Ф. Ефремов аны 1780-ж. ашып өткөн.