География:ТЕРЕК АЛТЫН КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ТЕРЕК АЛТЫН КЕНИ Жалалабат облусунун Чаткал р-нунда. Чаткал кырка тоосунун түш. капталында. Кен аймагын мрамор ж-а сланецтер түзүп, ал тоо тектерди ультрабазит ж-а гранит-диорит интрузиялары жиреп чыккан. Мрамор м-н сланецтердин контактында алтын м-н сурьманын рудалары топтолгон жаспероиддер орун алган. Башкы руда минералдары: алтын, пирит, пирротин, арсенопирит, антимонит. Кендеги алтындын өлчөмү 5,4 г/т, С1 категориясы б-ча эсептелген запасы 3680 кг.