География:ТАШКӨМҮР ГЭСИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ТАШКӨМҮР ГЭСИ Нарын д-нда, Күрпсай гидротүйүнүнөн 18,5 км төмөн, Карасуунун (Нарындын оң куймасы) чатына чукул курулган. Станциянын долбоорун «Гидропроект» ин-ту түзгөн. Курулушту «Нарынгидрокурулуш» акционердик коому ишке ашырган. ГЭСтин 3 агрегаты бар; ар бир агрегаттын кубаттуулугу 150 МВт. Долбоордук жалпы кубаттуулугу 450 МВт. Биринчи агрегаты 1995-ж., экинчиси —1986-ж ., үчүнчүсү —1987-ж . ишке киргизилген. Тосмосунун (плотинасынын) бийикт . 75 м, суу сактагычынын жалпы көлөмү 140 млн м3. Өндүрүлгөн электр энергиянын жылдык орт . өлчөмү 1555 млн КВт/саат. Ишканада 80 адам иштейт (2001).