География:ТАСЫРАКАЙ ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ТАСЫРАКАЙ ТООСУ – Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш тармагы. Каракулжа р-нун аймагында. Каракулжа, Тар ж-а Тасыракай сууларынын аралыгында батыштан чыгышка 40–42 кмге созулат. Туурасы 6–7 км. Орт. бийикт. 2800–3300 м, эң бийик жери 4383 м. Кыры аска-зоокалуу, капталдары кыска, аты аталган суулардын өрөөндөрүнө тик түшөт; кокту-колоттуу. Девондун кумдук, сланец, карбондун кумдук, алевролит, сланец тектеринен турат. Талаа ж-а шалбаалуу талаа (2400–2500 м бийиктикке чейин), шалбаа токойлуу бадал (2500–3100 м), субальп ж-а альп шалбаасы, гляциалдык-нивалдык ландшафттар мүнөздүү. Жайкы жайыт.