География:ТАЙГАК
ТАЙГАК – Кемин р-нун аймагындагы кууш ж-а терең капчыгай. Чүй д-нын Терекжону (түш.-батышта) м-н Кемин (түн.чыгышта) тоолорунун аралыгындагы жээги. Уз. 1 км, туурасы 150 мге жакын. Абс. бийикт. 1340–1350 м. Боом капчыгайынын «оозу», Чоң Кемин суусунун чатынан бир аз төмөн, Кемин шаарчасынан 17–18 км түш.-чыгышта. Азыркыдай чоң жол, кең көпүрө жок кезде Чүй өрөөнүнөн Ысыккөлгө Тайгак аркылуу катташуу өтө кыйынчылыкты туудурган. Шар аккан Чүйдүн бир өйүзүнөн экинчи өйүзүнө Тайгаккечүү аркылуу өтүү үчүн Тайгакташты (дарыянын сол жээги, кашаты) кыялап, «кой жолдор» м-н жүрүүгө туура келген. Жолоочулар, кербендер, жортуулга чыккан жоокерлер, чубурган мал жайы-кышы дебей Т. аркылуу өткөн. XIX кылымдын 70-ж-нын башында Чүй суусуна көпүрө салынып, Боом капчыгайы аркылуу жол чабылган. 1985–1987-ж. бул жерде жаңы чоң көпүрө курулган. Тайгак–маанилүү транзиттик жолдор тоому. Андан респ-нын көп жерлерин (Чүй, Чоң Кемин, Ысыккөл, Нарын, Жумгал ж. б.) байланыштырган авт. ж-а темир жолдор өтөт.