География:СЫҢАРЖАР МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
СЫҢАРЖАР МӨҢГҮСҮ — Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Кызылсуунун сол куймасы Сыңаржар суусунун башынан орун алган. Уз. 4,0 км, аянты 4,5 км2, көлөмү 0,100 км3. Башы деңиз деңг. 5100 м, этеги 3660 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3900 м, абляция облусунун аянты 1,1 км2. Мөңгүдөн Сыңаржар суусу башталат.