География:СУУЧЫКТЫ МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
СУУЧЫКТЫ МӨҢГҮСҮ – Кичи Алай кырка тоосунун түн. капталында жайгашкан өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 4,5 км, аянты 3,6 км2, көлөмү 0,24 км3. Кыргызата суусунун жогорку оң куймаларынын бири– Суучыктынын төрүндө жайгашкан. Башы деңиз деңг. 4600 м, этеги 4000 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4200 м, абляция облусунун аянты 1,2 км2. Мөңгүдөн башталган Суучыкты суусу Курган м-н кошулуп, Карагойго оң тараптан куят.