География:СОҢКӨЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

СОҢКӨЛ — Ички Т еңиртоодогу көл. Молдотоо, Соңкөл, Бооралбас тоолорунун аралыгындагы бийик тоолуу Соңкөл өрөөнүндө деңиз деңг. 3 013 м бийиктикте жайгашкан. Нарын д-нын алабында. Уз. 29 км, жазылыгы батышында 18 кмге жетет, аянты 270 км2 (Кыргызстанда Ысыккөлдөн кийинки 2–көл). Көлөмү 2,64 км3, орт. тереңд. 9,2 м, эң терең жери 13,2 м (түн.-батышында); чыгышы тайыз (4–5 м). Түбү тегиз. Көлгө 18 суу куят; ирилери: Ак таш, Жаманечки, Өзбек, Каракече, Куртка, Ташдөбө, Кумбел, Кумдуусуу. Көлдөн Кажырты суусу агып чыгат. Көл чанагы төртүнчүлүк мезгилинин башталышында тектон. кыймылдын натыйжасында ийилген байыркы денудациялык тегиздиктин бир бөлүгү; байыркы муз текши каптап жаткан. Көлдүн пайда болушу орто эсеп м-н 4 миң жылга барабар деп болжолдонот. Жээк сызыгынын уз. 1 02 км. Түш.-чыгыш бөлүгү тайпак, саздакка айланып, жалпы аянты 0,3 км2ге жеткен аралдарды пайда кылат. Суунун темпрасы жайында 11–12° С, кышында 3°Сден ашпайт. Ноябрдын башында тоңуп, май айында ачылат. Муздун калыңдыгы 1 мге жетет. Суу агып чыккандыктан көлдүн деңгээли анчейин өзгөрбөйт. Төртүнчүлүк мезгилден баштап суу деңгээлинин төмөндөй беришинен жалпы бийикт. түн.-батышында 34,1 м, түштүгүндө 11,3 мге жеткен тектирчелер пайда болгон. Суусунун тунуктугу 7 м; тузсуз гидрокарбонаттуусульфаттуу-кальцийлүү сууларынын түрүнө кирет. Минералдуулугу 341–446 мг/л, чыгышында 249 мг/л. Кычкылтек м-н камсыз болушу 7,7–11,0 мг/л. Өңү көгүш. Көлдө камыш, рдест, өлөң чөп, жашыл– күрөң балырлар ж-а биомассасынын запасы 8813,5 тга жеткен зоопланктондун 17 түрү кездешет. Көлгө муздан сууга чыдамдуу пелядь, коё берилген. Балык кармалат. Келгин куштар (каз, өрдөк, аңыр ж. б.) көп болучу. Кызыл китепке кирген маңка каздын бирден–бир уялаган жери көл жээгиндеги саздар. У. Атаканов.