География:ОРОЙСУУ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОРОЙСУУ МӨҢГҮСҮ – Борб. Теңиртоодогу Көөлү кырка тоосунун түн. капталында орун алган татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Көөлү суусунун алабында жайгашкан. Уз. 4,2 км, аянты 4,7 км2, абляция облусунун аянты 1,8 км2. Башы деңиз деңг. 4460 м, этеги 3770 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4200 м. Мөңгүдөн аты окшош суу башталып, Көөлүгө куят.