География:ОЙАЛМА ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОЙАЛМА ТООСУ – Атойнок кырка тоосунун түш. тармагы. Ойалма суусунун (Нарындын оң куймасы) алабынан орун алган. Дого сымал түндүктөн түштүккө карай 25 кмдей созулуп жатат. Туурасы 5–6 км. Орт. бийикт. 3100–3300 м, эң бийик жери 3502 м. Кыры аска-зоолуу, капталдары кокту-колоттуу. Бийик түн. бөлүгү силурдун чополуу ж-а көмүрлүү сланец, кумдук, туф, жапыз бөлүгү карбондун метаморфизмделген акиташ, мрамор тектеринен түзүлгөн. Кургак талаа ж-а талаа (1500– 1600 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа ж-а токойлуу шалбаа (1600–2600 м), бийик чөптүү шалбаа (2600–2900 м), субальп ж-а альп шалбаасы, шалбаалуу талаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.