География:МУЗЖЫЛГА МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МУЗЖЫЛГА МӨҢГҮСҮ — Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 3,8 км, аянты 3,6 км2, көлөмү 0,3 км3. Кызылсуунун сол куймасы – Алтындаранын алабында. Башы деңиз деңг. 4860 м, этеги 4200 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4700 м, абляция облусунун аянты 2,6 км2. Мөңгүдөн Музжылга суусу (Алтындаранын сол куймасы) башталат.