География:МИҢЖАР МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МИҢЖАР МӨҢГҮСҮ — Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 8 км, аянты 10,2 км2. Кызылсуунун (батыш) алабында жайгашкан. Башы деңиз деңг. 5850 м, этеги 3680 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 5100 м, абляция облусунун аянты 2,6 км2. «Тили» узун шынаа сымал кууш келип, фирн облусу көп камералуу жазы төрдө жатат. «Тилинин» учу морена чөкмөлөрү м-н текши капталган. Мөңгүдөн Миңжар суусу башталып, Кызылсууга сол тараптан куят.