География:МАКБЕЛ АШУУСУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МАКБЕЛ АШУУСУ Кыргыз Алатоосунун батышында. Кыргыз ж-а Казак Республикаларынын чек арасында. Нылда ж-а Макбел сууларынын башталышынан орун алган. Бийикт. 3037 м. Ашуунун бели анчалык татаал эмес, капталдары тик. Негизинен протерозойдун слюдалуу кварцит, амфиболдуу сланец, эклогит тектеринен түзүлгөн. Апрелден сентябрь айына чейин ачык. Мал ашырылат.