География:МАЙБАШ ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЙБАШ ТООСУ Борб. Теңиртоодо. Бозкыр кырка тоосунун ортоңку бөлүгүнөн Сарыжаз суусуна чейин 22 кмге созулат. Туурасы 16 км. Орт. бийикт. 4900 м, эң бийик чокусу 5281 м (батышында). Түш. капталы тик, кургак, түндүгү жантайыңкы нымдуу. Палеозойдун башталышында пайда болгон мрамор, акиташ теги, сланец, кумдук ж-а гранитоид тоо тектери чыгып жатат. Байыркы мөңгүлөрдүн издери сакталган. Мөңгү 13,1 км2 аянтты ээлейт (батыш бөлүгү мөңгү м-н текши капталган). Түн. капталында Айрансуу, Сарытөр, Карагайлы, Жамансуу деген өрөөн мөңгүлөрү, түштүгүндө асылма мөңгүлөр бар. Токойлуу бийик тоо, шалбаалуу бийик тоо талаасы (2800–3000 м), субальп (3200–3400 м) ж-а альп шалбаасы (3000–3700 м), гляциалдык-нивалдык (3700 мден жогору) ландшафт мүнөздүү.