География:КӨНӨКСАЛДЫ МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КӨНӨКСАЛДЫ МӨҢГҮСҮ — Ички Теңиртоодогу Көккыя тоосунун түн. капталындагы «балык жон» тибиндеги мөңгү. Уз. 4,6 км, аянты 6,6 км2. Какшаал д-нын оң куймасы – Көнөксалды суусунун төрүнөн орун алган. Башы 4600 м, этеги 4200 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4260 м, абляция облусунун аянты 0,4 км2.