География:КӨЛТӨР КӨЛҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨЛТӨР КӨЛҮ — Нарын кырка тоосунун түш. капталындагы көл. Атбашы рнун аймагында. Аянты 5 км2. Деңиз деңг. 3 820 м бийиктикте жайгашкан. Атбашы өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндөгү (Жаңыжер – Уландын чатына жакын) Көлтөр суусунун өрөөнүнөн орун алган. Түш.-чыгыш тарабынан зор морена катмары м-н тосулган. Көлдүн чанагы байыркы мөңгүнүн аракетинен пайда болгон. Кар ж-а жамгыр сууларынан толукталат. Чыгыш жак жээги аскалуу, батышынан жалгыз аяк жол өтөт. Айланасында жапалак арча, о. эле төө куйрук, итмурун ж. б. бадал өсүмдүктөрү өсөт. Көлдүн бөгөтүнөн сарыгып агып чыккан суу Атбашыга оң тараптан куят.