География:КӨКСУУ (БАТЫШ) ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨКСУУ (БАТЫШ) ӨРӨӨНҮ Алай өрөөнүнүн батышында. Түндүгүнөн Алай кырка тоосу, түштүгүнөн Текелик тоосу м-н чектешет. Алай р-нун аймагында. Өрөөн кеңдик багытка жакын 60 кмге созулат; туурасы 4–5 км. Таманынын деңиз деңг. орт. бийикт. 2500–3300 м. Курчап жаткан тоолордун өрөөндүн таманынан салыштырмалуу бииикт. 1000–1200 м. Өрөөндүн башында тепши сымал төрлөр, мөңгү көп. Ортоңку бөлүгү кууш, тоо капталдары кокту-колоттуу. Аягы Текелик суусунун чатынан Алай өрөөнүнө чейин кеңеет. Мында өрөөндүн капталдары тик, жардуу. Таманы төртүнчүлүк мезгилдин шагыл, кум, чополору м-н толгон. Тоо капталдары кеңдик багытында жаткан тектон. жаракалар м-н тилмеленген. Климаты кескин континенттик; январдын орт. темпрасы —14°С, июлдуку 10°С. Жылдык жаанчачыны 300 мм. Өрөөн аркылуу Көксуу ж-а анын куймалары (Текелик, Корумду, Бекага, Караказык, Чоң Кочкорчу, Кызылайрык, Кочкорчу) агып чыгат. Арча токойлуу шалбаалуу талаа, субальп ж-а альп талаасы, шалбаа ж-а нивалдык-гляциалдык ландшафттары мүнөздүү. Жайыт, этеги чабынды катары пайдаланылат. Өрөөндө Чак, Кочкорчу кыш. жайгашкан.