География:КӨКМОЙНОК МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨКМОЙНОК МӨҢГҮСҮ — Кыргыз Алатоосунун түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 4,5 км, аянты 5,2 км2. Ысыката суусунун оң куймасы Туюктун алабынан орун алган. Башы 4420 м, этеги 3710 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3990 м, абляция облусунун аянты 4,0 км2. «Тили» морена м-н капталган. Мөңгүдөн Көкмойнок суусу башталып, Туюк суусуна оң жактан куят.