География:КӨКБЕЛЕС МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КӨКБЕЛЕС МӨҢГҮСҮ — Түркстан кырка тоосунун чыгыш бөлүгүнүн түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Сох суусунун сол куймасы Калаймахмуддун алабында жайгашкан. Уз. 5,6 км, аянты 3,2 км2, абляция облусунун аянты 1,5 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5080 м, этеги 3120 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3900 м. Мөңгүдөн Калаймахмуд суусунун сол куймасы башталат.