География:КӨКАРГЫН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КӨКАРГЫН, К ө к а й г ы р – Атбашы р-нун аймагы аркылуу аккан суу. Атбашы кырка тоосунун түш. капталынан башталып, Чатыркөлгө куят. Уз. 43 км, алабынын аянты 378 км2. Башталышында капчыгай аркылуу түш.-чыгышты карай, Көкаргын кыштоосунан саздуу өрөөн м-н батыш тарапка агат. Өзөнү имерилиштүү. Негизинен кар, мөңгү ж-а булак сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 2,68 м3/сек. Эң чоң чыгымы июлда, эң азы мартта байкалат. Май айында кире баштап, сентябрда тартылат. Ири куймалары: Бала Көкаргын (18 км), Корумсуу (14 км), Акташ (10 км).