География:КӨГАРТ АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨГАРТ АШУУСУ Фергана тоо тизмегинде. Көгарт суусунун башынан орун алган. Бийикт. 3319 м. Ашуунун бели түзөң, түн.чыгыш капталы тигирээк, түш.-батышы бир аз жантайыңкы. Негизинен силур м-н девондун мрамор, сланец, акиташ тектеринен турат. Кышында калың кар жатат. Июнь—сентябрь айларында ачык. Сузак ж-а Тогузторо р-ндорун байланыштырган авт. жолу өтөт.