География:КҮҮЛӨМӨ МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КҮҮЛӨМӨ МӨҢГҮСҮ — Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 5,0 км, аянты 5,1 км2, көлөмү 0,2 км3. Кызылсуунун сол куймасы Күүлөмө суусунун төрүнөн орун алган. Башы деңиз деңг. 4900 м, этеги 3240 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3700 м, абляция облусунун аянты 1,6 км2. Мөңгүдөн Күүлөмө суусу башталат.