География:КЫЗЫЛОМПОЛ ТООСУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫЗЫЛОМПОЛ ТООСУ Ички Теңиртоодо. Кыргыз Алатоосунун чыгыш уландысы. Ысыккөл өрөөнүнүн батышында. Уз. 20 км, туурасы 13 км. Орт. бийикт. 2950 м, эң бийик жери 3183 м. Негизинен палеозойдун сиенит, гранит-сиенит, гранит ж. б. тектеринен турат. Кырында байыркы денудациялык түздүктөр кездешет. Капталдарынын тиктиги 25–38°, коо-колоттуу. Батышы улам жапыздап, Кубакынын белине өтөт, чыгышы Ысыккөл ойдуңуна чөгүп кетет. Кургак талаа (түн.), жарым чөл (түш.) ж-а талаа (батыш) ландшафттары басымдуу.