География:КУУГАНТОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУУГАНТОО – Тескей Алатоонун түн. тармагы. Арашан ж-а Аксуу сууларынын аралыгында 23–25 кмге созулуп жатат. Туурасы 5–7 км. Орт. бийикт. 3600–4000 м, эң бийик жери 4642 м. Кыры аска-зоокалуу, мөңгүлүү. Капталдары кыска, тик, терең капчыгайлар ж-а майда кокту-колоттор арбын. Төмөнкү протерозойдун гранитдиорит сымал интрузия тектеринен турат. Шалбаалуу талаа (2200–3000 м бийиктикке чейин), бийик чөптүү шалбаалуу токой (2900– 3000 мге чейин), субальп ж-а альп шалбаасы ж-а шалбаалуу талаа (3200–3300 мге чейин), андан жогору субнивалдык суук чөл ж-а гляциалдык-нивалдык ландшафттары мүнөздүү. Карагай токоюнун ири массивдери да кездешет. Жайыт, чабынды катары пайдаланылат.