География:КУРУАЙРЫК ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРУАЙРЫК ТООСУ– Талас Алатоосунун түн. тармагы. Талас өрөөнүнүн түштүгүндө, Бешкөл, Армарал, Табылгыты (Үрмаралдын оң куймалары) сууларынын алабында жайгашкан. Талас р-нун аймагында. Тоо меридиан багытында дого сымал 26 кмге созулат. Туурасы 9 км. Орт. бийикт. 3500 м. Эң бийик жери 4103 м. Түндүктөн түштүккө карай бийиктеп, Талас Алатоосу м-н тутумдашат. Түштүгү аскалуу, мөңгүлүү, капталдары кыска ж-а тик, кокту-колоттуу. Түн. жапыз бөлүгүнүн кыры тайпак, капталдары тик. Негизинен рифейдин кумдук, темгилдүү сланец, катмарлашкан акиташ теги, гравелит, филлит тектеринен түзүлгөн. Бадал токою аралашкан талаа ж-а шалбаалуу талаа (2900 м бийиктикке чейин), субальп ж-а альп шалбаалуу талаа (3400 мге чейин), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафттары мүнөздүү.