География:КУЛЖАБАШЫ МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КУЛЖАБАШЫ МӨҢГҮСҮ — Ички Теңиртоодогу Сарыбелес тоосунун түн. капталындагы төр-өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 2,8 км, аянты 6,0 км2. Аксай суусунун оң куймасы – Көккыянын алабында жайгашкан. Башы 4460 м, этеги 3960 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4200 м. Мөңгү эки тармактан түзүлүп, абляция облусунда биригет. Оң тармагы сол жактагысынан эки эсе чоң. Мөңгүдөн Көккыянын сол куймасы – Кулжабашы суусу башталат.