География:КОҢУРСУУ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОҢУРСУУ МӨҢГҮСҮ — Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 7,6 км, аянты 12,4 км2. Кызылсуунун (чыгыш) сол куймасы – Каман суусунун алабында жайгашкан. Башы деңиз деңг. 5840 м, этеги 3640 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4100 м, абляция облусунун аянты 5,5 км2. «Тили» морена м-н текши капталган (5,6 км2). Мөңгүдөн Камандын сол куймасы Коңурсуу башталат.