География:КОШОЙДУН КАРАТООСУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОШОЙДУН КАРАТООСУ, К а р а т о о Нарын кырка тоосунун бир тармагы. Нарын ж-а Атбашы өрөөндөрүнүн ортосунда 27 кмге чейин созулуп жатат. Орт. бийикт. 3530 м, эң бийик жери 4066 м (Кошойдун чокусу). Негизинен палеозойдун акиташ теги, сланец ж-а кумдук тектеринен турат. Чыгышындагы тик беттүү (60–70°) капчыгайда Атбашы ГЭСи курулган. Батышы ж-а түн. капталы палеогендин ж-а неогендин борпоң тегинен түзүлгөн. Неотектон. тиби б-ча горст-антиклиналь. Түн. бетине негизинен кургак талаа (2100–2600 м), шалбаа (3000–3400 м), түш. капталына каксоо, жарым чөл ландшафттары мүнөздүү.