География:КОШКАРАТАШ МӨҢГҮЛӨРҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОШКАРАТАШ МӨҢГҮЛӨРҮ — Атбашы кырка тоосунун түш. капталындагы катар жаткан өрөөн тибиндеги үч мөңгү. Аксай суусунун (Какшаалдын негизги курамы) алабында жайгашкан. Ч ы г ы ш ы н д а г ы с ы н ы н уз. 3,8 км, аянты 4,7 км2. Башы деңиз деңг. 4400 м, этеги 4000 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4160 м. Абляция облусунун аянты 1,4 км2. О р т о ң к у мөңгүнүн уз. 4,6 км, аянты 5,7 км2. Башы деңиз деңг. 4460 м, этеги 3880 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4260 м. Абляция облусунун аянты 1,9 км2. Б а т ы ш ы н д а г ы мөңгүнүн уз. 3,4 км, аянты 3,9 км2. Башы деңиз деңг. 4600 м, этеги 4100 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4410 м. Абляция облусунун аянты 1,7 км2. Алардан Кошкараташ суусу башталып, Аксайга сол жактан куят.