География:КОЧКОР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОЧКОР – Чүй дарыясынын сол курамы. Уз. 45 км, алабынын аянты 2590 км2. Чыгыш Каракол м-н Сөөк сууларынын кошулушунан түзүлөт. Ортоңку ж-а төмөнкү жагында саздуу кенен өрөөн аркылуу агып, нугунун туурасы 20–30 мге жетип, салааларга бөлүнүп кетет. Көп жылдык орт. чыгымы 12,6 м3/сек, эң чоңу 32,6 м3/сек (август), эң азы 6,9 м3/сек (декабрь). Октябрда тартылып, май айында кире баштайт. Ири куймалары: Чыгыш Каракол, Сөөк, Кызарт, Мыкан, Шамшы ж. б. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Мантыш, Кызылдөбө, Кумдөбө, Чолпон, Кочкор ж. б. кыш. жайгашкан.