География:КАРАКӨЛ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРАКӨЛ — Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталындагы чакан тоо көлү. Көгарт суусунун оң куймасы Ачысайдын алабында жайгашкан. Аянты 0,1 км2. Көл чанагы деңиз деңг. 1 300 м бийиктикте жатат. Көл кар ж-а жаан–чачын суулары м-н толукталып турат. Суу агып чыкпаган туюк көл.