География:КАРАКОО – ЖУНАЙ ТООСУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРАКОО – ЖУНАЙ ТООСУ Ысыккөлдүн түш.-батышында. Доңузкудук, Көбүргөн ж-а Улакол–Семизбел өрөөндөрү м-н чектешет. Тоң р-нун аймагында. Кеңдик багытта 26 кмге созулуп жатат. Туурасы 7 км. Орт. бийикт. 2700 м, эң бийик жери 2881 м; тегерегиндеги өрөөндөрдүн таманынан 700–800 м көтөрүңкү. Кыры тайпак, тик чокулар жокко эсе. Капталдары жантайыңкы, кокту-колоттор аз. Улакол суусу кесип өткөн аймакта гана тик беттүү жарлар кездешет. Негизинен төмөнкү палеозойдун гранит, гранит-диорит, порфирит интрузия тектеринен турат. Жарым чөл ж-а кургак талаа ландшафты басымдуу; бадал аралаш талаа ж-а шалбаалуу талаа да кездешет. Жайыт.