География:КАРАКЕЧЕ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРАКЕЧЕ – Жумгал суусунун сол куймасы. Уз. 45 км, алабынын аянты 184 км2. Молдо тоонун түн. капталынан башталып, түндүктү карай агат да, Жумгалга жетпей сугатка бөлүнүп кетет. Жогорку агымында өрөөнү куушураак, төмөндөгөн сайын кеңеет. Чатында салааларга бөлүнүп, саздуу. Жылдык орт. чыгым 1,1–1,5 м3/сек, эң көбү июнь – июлда, азы декабрь – январда байкалат. Май айында кирип, сентябрда тартылат, Сугатка пайдаланылат.