География:КАРАДАРЫЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАДАРЫЯ – Кыргызстан ж-а Өзбекстан аймактары аркылуу аккан дарыя. Фергана өрөөнүнүн чыгыш жагында. Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталынан башталган Каракулжа суусу ж-а Алайкуу кырка тоосунан башталган Тар суулары кошулгандан кийин К. деп аталат. Нарын д. м-н кошулуп, Сырдарыяны түзөт. Уз. 180 км, алабынын аянты 33 100 км2. Жогорку агымы кууш, орто ж-а төмөнкү бөлүктөрү кеңири өрөөндөр аркылуу агат. Ири куймалары: Жазы, Көгарт, Караүңкүр, Майлысуу (оң), Куршаб, Аравансай (сол) ж. б. 200дөн ашык куймасы бар. Карадарыянын алабында 40ка жакын көл жатат, алардын эң ирилери: Чоң Кулун, Кичи Кулун, Чоң Көл, Кичи Көл, Кабыланкөл, Каракөл, Кутманкөл ж. б. Жылдык орт. чыгымы Кемпирабад кыш. тушта (чатынан 140 км жогору) 121 м3/сек. Эң көбү 676 м3/сек, эң азы 28,9 м3/сек (февраль). Агымынын 32% кардан, 16% мөңгүдөн ж-а 52% жер астындагы суулардан куралат. Сугатка кеңири пайдаланылат. К-да Куйганжар тосмосу, Анжиян суу с. курулган, дарыя ж-а анын куймаларынан ондогон сугат каналы (Чоң Фергана, Кочкората, Отузадыр, Увал, Алтыбай, Найман ж. б.) чыгарылган. Жээгинен Өзгөн ш., көптөгөн кыштактар орун алган.