География:КАРАГАТТЫ ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАГАТТЫ ТООСУ Кочкор өрөөнүнүн түштүгүндө кеңдик багытта созулуп жатат. Төлөк, Чалай, Жоонарык (Кочкордун оң куймалары) сууларынын алабында. Уз. 24 км, туурасы 7 км. Орт. бийикт. 3600 м, эң бийик жери 3805 м. Кыры негизинен тайпак, тик аскалар жокко эсе. Капталдары түштүгүндө кыска кокту-колоттуу, түндүгүндө Кочкор өрөөнүнө карай жантайыңкы. Түн.-чыгышында кокту-колоттору жарлуу келип, Жоонарык өрөөнүнө тик түшөт. Сланец, туф, порфирит, мраморлошкон акиташ, доломит тектеринен турат. Аларды айрым жерлерде гранит, гранит-диорит интрузия тектери жиреп чыккан. Бетеге-шыбактуу кургак талаа ж-а талаа (2900 мге чейин), субальп ж-а альп шалбаалуу талаа (2900– 3500 м), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт зоналары мүнөздүү. Жайыт; чабынды жерлери да бар. Тоонун Чалай ж.б. ашуулары аркылуу жайкы жайыттарга (Соңкөл, Төлөк) мал ашырылат.